Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мамлекеттик органдардын системасында коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди улантууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКга арыз ээсине таандык болгон жердин бир бөлүгүн, тактап айтканда Ысык-Көлдүн жанындагы аймакта жайгашкан жер тилкесин каттоого опузалап талап кылып алгандыгы боюнча, Ысык-Көл мамлекеттик каттоо кызматынын башчысына чара көрүү үчүн кайрылган.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында Ысык-Көл мамкаттоонун кызмат адамдары, жеке ишкерлердин бири менен болгон кылмыштуу системасынын далилдери аныкталып, жеке пансионатка ээ болуу үчүн, жабырлануучуга таандык жер тилкесинин жанындагы жерди, кызмат адамдын менчигине каттоого мажбур болушкан.

2021-жылдын 28-сентябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Пара талап кылуу) боюнча кылмышка шектүү катары, Ысык-Көл Мамлекеттик каттоонун директору А.Н., анын кол алдында иштеген К.Н., ошондой эле жеке ишкер У.Б. кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мыйзамда белгиленген мөөнөттө шектүүлөр шектүү экендиги тууралуу кабарланат жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө мезгилине карата аларга карата баш коргоо чарасын тандоо маселесин карады.

Аларга мыйзам чегинде шектүү экендиги тууралуу кабарланат, жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтүнө карата аларга баш коргоо чарасын тандоо маселесин каралды.

Ошол эле учурда, тергөөдө жер тилкелери менен болгон бүтүмдөрдү аткаруу учурунда Ысык-Көл мамкаттоодогу коррупциянын системалык көрүнүштөрү боюнча маалыматтар бар, алар сотко чейинки өндүрүш учурунда текшерилет жана ал аяктагандан кийин бардык кылмышкерлерге юридикалык баа берилет.