Мыйзам долбоорунун демилгечиси — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров.  Мыйзам долбоору талкуусуз кабыл алынганына бизнес коомчулугу нааразы болгон.

Президент Садыр Жапаров экономикага чукул кырдаал киргизүү боюнча мыйзам долбоорун каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайтарып берди, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

Мындай чечимдин себептери президенттик администрацияда айтылган жок.

Экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 28 -июлда экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров тааныштырган. Анын айтымында, бул сунуш пандемиянын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасиринен улам киргизилүүдө. Министр өзгөчө кырдаал режими кабинетке салык ставкаларын жана салыктык администрациялоону өзгөртүүгө, ошондой эле зарыл болгон учурда бюджетти парламенттин уруксатысыз бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берери менен түшүндүргөн. Каникулга кетээр алдында депутаттар мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алышты.

Ишкерлер мыйзам долбоорунун демилгечилери бизнес коомчулугунун макулдугусуз ага президентти  кол коюуга үгүттөп жатканын белгилешти. Кээ бир эксперттердин пикиринде, эгер экономикага чукул кырдаал киргизилсе, мамлекеттик органдар бизнес объектилерин жабууга, ошондой эле бир миллион сом айып пул төлөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Ишкерлер мамлекет башчысынан документке кол койбоону суранышкан.