Тажикстандын Транспорт министрлиги чек араны ачуу жана кызматташтыкты жандандыруу боюнча Кыргызстанга расмий кат жолдогон. Бул тууралуу Тажикстандын Транспорт министрлигинин «Наклиот» апталык басылмасынын башкы редактору Хандонгул Доробова “Озоди” менен маегинде билдирген.

“Бишкектин жообун азырынча ала элекпиз. Тажикстан өзү тараптан өлкөлөр ортосундагы транспорттук байланышты жандандырууга даяр”,-деп белгилеген Доробова.

2021-жылдын 28-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин, 21-майда Кыргызстандын Министрлер кабинети Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы олуттуу маселелер чечилмейинче, кыймылды токтотуу чечимин кабыл алганын билдирген эле.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы “Кулунду-автожол”, “Кайрагач-автожол”, “Кызыл-Бел-автожол”, “Бордөбө-автожол” жана “Карамык-автожол” бекеттерине убактылуу чектөө киргизилген.

Булак: Азаттык