Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 1-7-октябрь аралыгында жабык болот. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүн майрамдоонун алкагында кытай тараптын демилгеси менен эки өткөрүү бекеттери транспорт каражаттары үчүн убактылуу жабык болот.

“Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 8-октябрдан тарта ишин жандантат.