Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду Антикоррупциялык кеңештин курамына кирет

Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду президенттин алдында түзүлгөн Антикоррупциялык кеңештин курамына байкоочу катары үчүн мүчө болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган фонд Антикоррупциялык кеңешке мүчө болгону менен маселелерди чечүүдө добуш бере албайт же тиешелүү токтомдорго кол коё албайт. Фонд белгилегендей, бүгүнкү күндө Антикоррупциялык кеңеши – бийлик, жарандык жана бизнес коомчулугунун диалог түзүү үчүн эффективдүү аянтча болуп саналат.

“Кыргыз Республикасынын президентине караштуу антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу. Ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет”, – деп белгиленет маалыматта.