Баясов Нурадил Мирбекович КРнын инвестициялар министринин убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу КР Инвестициялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка КР президенти Садыр Жапаров кол койду.

32 жаштагы Нурадил Баясов 2012 –жылдан бери бул багытта жетектөөчү адис катары иштей баштаган.

Баясов 2021-жылы агуст айында Инвестициялар министринин орун басары болуп дайындалган. Ага чейин Өкмөт аппаратынын Экономика жана финансы бөлүмүнүн инвестициялар, ишкердик жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк секторунун башчысы болуп иштеген. Ошондой эле Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин бөлүм башчысы да болгон.

Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматов парламенттик шайлоого байланыштуу Инвестициялар министри кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазган. Анын отставкасын президент 28-сентябрда кабыл алды.

Нурадил Баясовдун өмүр баяны.

Туулган жылы: 18.09.1989-жыл.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Эмгек жолу:

05-08.2012-ж. Экономикалык жөнгө салуу жана монополияга каршы саясат министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын тышкы соода жана ДСУ бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу.

08-12.2012-ж. ушул эле бөлүмдө башкы адистин милдетин аткаруучу.

01-08.2013-ж. –Экономика министрлигинин Фискалдык саясат башкармалыгынын салык саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

08.2013-ж. — 09.2014-ж. –Экономика министрлигинин Инвестициялык саясат жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк департаментинин Инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

09.2014-ж. — 01.2017-ж. – Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды тартуу агенттигинин Инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү башкармалыгынын эксперти.

11.2017-ж. — 03.2019-ж. –Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы.

03-08.2019-ж. –Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин Инвестицияларды тартуу жана коргоо бөлүмүнүн башчысы.

08.2019-ж. — 08.2020-ж. –Өкмөт аппаратынын Экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн Интеграциялык процесстер жана макроэкономика секторунун башчысы.

08.2020-ж. –Өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн Инвестициялар жана МЖӨ секторунун башчысы.

10.2020-ж. –Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу.

12.2020-ж. –Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары.

03.2021-ж. –Өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн Инвестициялар жана МЖӨ секторунун башчысы.

03.2021-ж. – Өкмөт аппаратынын Экономика жана финансы бөлүмүнүн Инвестициялар, ишкердик жана МЖӨ секторунун башчысы.

07.2021-ж. – Инвестиция министринин орун басары.