Менин айткан кептерим катуу тийди. Ооба, чындыкты айтсам, көңүлү ооруп, кабагы чытылып калды. Маңдайында кабагын карап отурганда эмне. Кызымды алдым да эшикке басып кеттим.

Маанайым жок экенин сездирбегенге аракет жасап,  көп кабатуу үйүдүн астында балдар ойногон аянчада небересин кузөтүп отурган  Сакин апанын жанына отурдум.

—Аа, каралдым сен белең, кел кандайсың. Кызың жакшыбы, ойногону чыктыңарбы? Барагой күчүгүм тигине Арууке кум ойноп жатат, — деп кызыма карады.

—Жакшысызбы апа, ооба эшикке чыктым үйдөн кызым чуу салып эшикке чыгам дегинен, — демиш болуп алысты карадым.

Кантсе да көптү көргөн адам да маанайым жок экенин дароо байкады.

Экөөбүз ар кайсыны сүйлөп отуруп акыры үйдөн жолдошум менен урушуп чыкканымды билди. Көпкө ойлонуп:

—Ааа кызым, эркектики туура, анын айтканындай болот. Эркек башчы, эркек, эркек деп жатып эркектерди бир топ эркелетип алдык. Менин балам деле ушул, жатат кечке телефон чукуп. Байкуш келин, тырмышып үйдүн да сырттын да оокатына жетишет. Катуу айтсаң көңүлдөрү назик. Көкөлөтүп жүрүп көндүрдүк. Бир чети аялдар жоктун айынан баарын өз моюнубузга алып, эркектен ашып түшүп иштеп, алар жасаганды биз да тең ата жасап, алда канча кыйынчылыктарды баштан өткөрүп келе жатабыз. Заман өзгөрдүбу же биз адамзат өзгөрүп жатабызбы? Илгери союз убагында жумуш көп болуп мынтип эркектер бекер жатчу эмес. Эрте кетип кеч келчү. Антейин десең азыр деле заманына жараша жумуш деген бар эле аракет кылган адамга. Эмнегедир жумуш жок дегенге шылтап көп эркектер жатак болуп калды, — дейт кошуна апа андан ары сөзүн улап.

—Кээде ойлоп калам, жок дегенде бир эле күн орун алмашса. Эрте туруп, чай даярдап, балдарды мектепке жеткирип, кайра үйгө келип, чачылган үйду жыйнап, тамак жасап, кир жууп, аялдын жумушун башынан өткөрсө экен. Эгер жумушта иштеген аял болсо, таң эрте тургандан түн бир оокумга чеийн түйшүгу бүтпөйт. Жумуштан чарчап келип, кечки тамак жасамай балдарды окутмай. Ошондо да «тынч акырын атаң футбол көрүп жатат» деп мышыкчасынан басышып. Эгер мугалим аял болсочу, күнү кечке 40 балага 5 саат сабак окуткан, мед айым болсочу, күнү кечке оорулуу адамдын өмүрү менен алышкан. Жоок эркегиңди бул кызыктырбайт. Кечки тамак дайын, ысык чайың, үйдө тынчтык болушу керек. Кокус тамак жакпай калса, тезинен башкасын даярдай калуу керек. Анда да толгон токой комментарий коштолот, «ушул жашка келип тамак жасаганды билбейсиң, канча айтам  тузду мындай сал, пиязды мындай куурусаң» деген. Бирок, балким башкалар аялдык бакыт ушул да дейт чыгар. Туура,бирок аял деп эле баарын аялга артып салган да туура эмес чыгар. Арабызда бар чыгар аялын баркатап, мыкты карагандар, бирок, көп эмес. Эгер бүтүндөй эркек заты аялды сыйласа, аялдар базарда турмак эмес, аялдар көчө шыпырмак эмес, аял курулушта иштемек эмес!

Аялдын тамагы татуу болот качан, сен баардык тамакка кошула турчу азыктарды алып келсең. Аялың сулуу болот качан? Сен ага убакыт берип, өзүнө карап, эс алуусуна шарт түзсөң.

Жашоодо бирок, билинбеген менен түйшүгү түгөнбөй, жашоонун жакшы бир рахатын көрбөй өткөн аялдар канча. Аял качан бактылуу болот? Сенин жылуу көз караш, жакшы сөзүңдү укканда. Балдары ийгиликке жеткенде.   Дал ушундай бакытка балкып, жакшы күндөрдү көрүүгө, эриш аркак бактылуу карылыкты сүрүүгө ар бир түгөй татыктуу ошол  бактылуулукту ар бир аялга каалайт элем, — дейт Сакин апа.

Апанын сөздөрүн угуп ойго баткан бойдон үйгө кирдим. Кантсе да ар бир адамдын өз чындыгы бар эмеспи. Болгону эненин аялдар тууралуу айтканы баары туурадай болуп турат.

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.