Кыргызстандан эки тасма Мароккодо өтө турган эл аралык кинофестивалдын сынагына катышат. Бул тууралуу “Кыргызфильм” киностудиясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, фестивалга Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” жана Элдияр Мадакимдин “Сальдавор Дали” кыска метраждуу тасмасы катышат. Иш-чара 21-30-октябрь аралыгында Марокконун Рабат шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, “Сальвадор Дали” кинокартинасы тоо арасында чоң энесинин колунда тарбияланган режиссердун бала чагын сүрөттөйт. Күн сайын кичинекей Орозбек мектепке жетүү үчүн алыскы аралыкты жана дарыядан өтүүсүнө туура келет. Анткени, дал ушул жерден ал өзүнүн эңсеген кыялына жакындай алат.

“Сальвадор Дали” “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын колдоосу менен “Айтыш фильм” студиясы тарабынан тартылган.

Ал эми “Шамбала” Ч.Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынын мотивинде “Айтыш фильм” киностудиясынын колдоосу менен Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы тарабынан тартылган.