UFC чемпиону Валентина Шевченко «В синяках» тасмасы тууралуу берген интервьюсунун сүрөттөрүн жарыялады. Ал сүрөттөрдү инстаграм баракчасына жүктөдү.

«Лос -Анжелесте сонун күн өткөрдүм,    «В синяках»   киносунун премьерасы үчүн бир нече интервью бердим», — деп жазган спортчу.

Белгилей кетсек, аталган тасма Голливуд актрисасы, «Оскар» сыйлыгынын ээси Хэлли Берринин режиссердук дебюту болуп саналат. Анда башкы ролду актриса өзү  ойногон. Кинодо ММА боюнча карьерасын улантуу үчүн уулун таштап кеткен жалгыз бой Жеки тууралуу баяндалат.

Берринин экранда башкы атаандашынын образын Валентина Шевченко жараткан. Netflix бул тасманы 20 миллион долларга сатып алган. Драма 2021 -жылдын 24 -ноябры күнү экранга чыгат.