Ошто 20 жаштагы кыз 37 жаштагы эркетин өлүмүнө шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

2021-жылдын 28-сениябрь күнү саат 02:55те Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан кабар келип түшкөн. Анда Ош шаарынын С. Касымбеков көчөсүндө орун алган «Кенч» кафесинин алдындагы аянтта азият улутундагы, жашы болжол менен 35-40 курактагы « Мирбек» аттуу бала, сол бутунан белгисиз миздүү нерсе менен сайылып кесилген жаракаты менен келип түшкөнү айтылган

Аталган маалымат, Ош ШИИБдин  кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренесинин ( Ден соолукка оор зыян келтирүү) 3-бөлүмүнүн 1-пункундагы кылмыштын белгилери менен   катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган

Аталган ооруканага ыкчам тергөө тобу барган кезде  ооруканага түшкөн “Мирбек” аттуу жаран каза болуп калгандыгы аныкталган

Окуя болгон жерге тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлгөн учурда  «Кенч» кафесинин алдындагы аянтта, Ш.Мга таандык болгон кызык-кочкул түстөгү тактар бар экени аныкталы, ал кылмыш болгон убакта үстүндө кийип турган кызыл-кочкул тактары бар абалдагы ак түстүү футболкасы, көк түстүү джинсы жана ак түстөгү крассовкасы буюм далилдери катары алынган

Каза болгон Ш.Мнын жансыз-денесине соттук-медициналык эксперттин катышуусундагы сырттан кароо жүргүзүү учурунда, анын бутунун өйдөңкү ички бөлүгүндө бир даана сайылып кесилген жаракаты аныкталып, анын каза болуусунун себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында  күбө катары каза болгон Ш.Мнын   жанында болгон досу жана окуяга күбө болушкан атуулдар  суралышып, 28-сентябрь күнү саат 02:50дө маркум Ш.М менен «Кенч» кафесинде олтурушкан С.Р(кыз) жана  Р.А (кыз) менен өз ара сөз талашып уруша кетишип, кафеден сыртка чыгышып С.Р спирт ичимдигин ичкен мас абалда Ш.М нын бутуна колундагы бүктөмө бычагы менен бир жолу уруп жибергени аныкталга

Жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын натыйжасында, Ош ШИИБнын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун тургуну 1999-жылы туулган С.Р экени аныкталып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул факты боюнча окуянын жагдайларын толук, объективдүү жана ар тараптуу изилдөөгө жана далилдөөгө багытталган тергөө аракеттери жүрүп жатат.