Жогорку Кеңештин 29-сентябрындагы жыйынында депутаттар Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын кабыл алды.

Депутаттардын 62си “макул”, төртү “каршы” добушун берди. Жалпы каттоодон 66 депутат өттү.

Буга чейин Абдыгулов Эл аралык валюта фондуна (ЭВФ) Кыргызстандын атынан кеңешчи болуп барарын айткан.

Белигей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагалык кызматына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштаганын билдирди.