Республикалык иммунопрофилактика борборунун блоггер кызматтарын 1,4 миллион сомго сатып алуу боюнча тендери жокко чыгарылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова фейсбук баракчасында жарыялады.

Ал муну акчаны текке кетирүү деп эсептээрин белгиледи.

«Дээрлик 1,5 миллион сомдук «блоггер кызматын» сатып алуу боюнча тендер бюджеттин акчасын сарамжалсыз сарптоо болуп саналат. Тендер өткөн жок», — деп жазат Бакашова.

Жылдыз Бакашова бардык активдүү блоггерлерди эмдөөнүн абалын, мамлекеттик органдар туш болгон кыйынчылыктарды жана мындан аркы иштин планын ачык талкуулоо үчүн жолугушууга чакырды.

Буга чейин Республикалык иммунопрофилактика борбору полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгүн жайылтуу үчүн блоггерлердин кызматына тендер жарыялаган.