Бишкектин айрым райондорунда 30-сентябрга суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Тоголок Молдо суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу таза суу саат 9:00дөн 21:00гө чейин жок болот.

Панфилов, Фрунзе, Манас көчөлөрү менен чектешкен аймактагы турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана тиричилик объекттеринде суу болбойт .

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана ичүүчү сууну камдап алууну суранат.