Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Чалма айылынын эли булактан суу тартып келүүдө. Бул тууралуу жергиликктүү тургундар редакциябызга билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, тоо боорундагы булактан суу тартып келүү үчүн, «Исар» эл аралык кайрымдуулук фонду түтүктөрдү сатып берген.

Открыть фото

«Учурда айылдан жети чакырым алыстыктагы тоо боорунда жайгашкан булактан суу алып келүү иштери кызуу жүрүп жатат. Элдин өтүнчү боюнча, «Исар» эл аралык кайрымдуулук фонду айыл жашоочуларына суу тартып келүү үчүн зарыл болгон суу түтүктөрүн жана башка керектүү курулуш материалдарын сатып беришкен. Азыр жергиликтүү эл ынтымакташа иштеп, трубаларды жаткырып келе жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Открыть фото