Үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрынан 26–сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин тапшырмасы менен республикасынын бардык аймагында  ИИОнун жашы жете электер менен иштөө инспекторлунун иш-тажрыйбасын жогорулатуу боюнча окуу семинары болуп өттү.

Окуу семинарды ИИМнин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги  Н.Адылова,   ИИМнин Э. Алиев атындагы Академиясынын административдик укук жана ишмердүүлүк кафедрасынын окутуучусу А.Абдрахманов жана “Мобилдик автомашиналардын ишмердүүлүгүн колдоо Ассоциациясы” коомдук бирикмесинин директору  Ш.Мамыров  өттү. Анда      милициянын ишмердүүлүгүндө демократиялык принциптеринин негизинде трансулуттук коркунучтардын, жашы жете электердин  диний экстремизмге жана акыл-эске таасир этүүчү психотроптук каражаттарынын жаңы түрлөрүнө тартылуусун, ошондой эле алардын  баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышуусун алдын алууда, жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине коргоо ордерлерин узартууда жана көзөмөлгө алууда кандай чараларды көрүү керектиги боюнча кенен түшүндүрмө беришип, суроо-жооп форматында талкууга алынды.

Андан сырткары, жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча ишмердүүлүктүн сапатын жакшыртуу үчүн башка министрликтердин аймактардагы бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барып, алдын алуу иштерин күчөтүү керектигин билдиришти.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги  тарабынан  окуучулардын арасында кылмыштарды болтурбоо жана алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү тапшырмасы коюлган. Бул тапшырмаларды аткаруу максатында  милициянын көчмө кабылдамасы менен милиция кызматкерлери ар бир мектептерди кыдырып, ата-энелер тарабынан жаш өспүрүмдөргө болгон көзөмөлдү күчөтүү, ошол эле учурда жаш өспүрүмдөрдүн окуу убагында интернет колдонушун жана интернет клубтарына барышына чектөө коюу, дүйнөдө болуп жаткан акыркы каргашалуу окуяларга байланыштуу окуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча лекцияларды, чогулуштарды жана калк менен жолугушуларды өткөрүү талабы  айтылды.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы