Кечээ, 29-сентябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкек жана Чүй облусунун кыргыз күрөш Федерациясынын Президенти Эмил Жамгырчиев уюштурган эл аралык мелдештин финалы болуп өттү.

28-сентябрь күнү тандоо туру болуп, ага Казакстан, Өзбекстан, Иран, Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн балбандары катышышты.

Мелдештин салтанаттуу ачылышына Токио-2020 Олимпиадасынын жеңүүчүлөрү: Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, залкар манасчы Дөөлөт Сыдыковдор конок катары чакырылган.

Спорттук иш-чараны Кайрат Примбердиев жана Гүлзада Рыскулова жана башка эстрада ырчыларынын коштоосунда өттү.

Эки күнгө созулган мелдешке 2 автоунаа жана баалуу белектер коюлган. Финалдык беттеш 29-сентябрда орун алып, супер оор салмактагы спортчуларга коюлган Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны Белболот Токтогонов жеңип алса, 74 салмакка чейинки балбан Санжар Аманов Mitsubishi үлгүсүндөгү автоунаанын ээси болду.

Кыргыз күрөшүн өнүктүрүү максатында кийинки турнирди Ош облусунун кыргыз күрөш федерациясына өткөрүп берди.