Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган парламенттик делегация Орусиянын Новосибирск облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Делегациянын курамында депутаттар Каныбек Иманалиев, Бейшеналы Нурдинов жана Искендер Матраимов бар. Сапардын алкагында төрага Талант Мамытов Новосибирск облусунун губернатору жана аталган аймактагы мекендештер менен жолугушат. Андан аркы сапар Алтай Республикасында уланат.