«Жибек Жолунун бермети» эл аралык кинофестивалында атайын сыйлык КРнын Эл артисти Айтурган Темировага ыйгарылды. Бул тууралуу  Гүлбара Төлөмүшова фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, сыйлык дүйнөлүк кинонун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн берилди.

Возможно, это изображение (4 человека, в том числе Аитурган Темир и Айбек Дайырбеков, люди стоят и в помещении)

Айтурган Темировадан тышкары сыйлыктар Радж Капур (Индия), Никита Михалков (Россия), Сайрам Исаева (Тажикстан) жана Нури Билге Жейламга (Түркия) берилди. Радж Капурдун сыйлыгын уулу алган.

Кыргыз Республикасынын Эл артистине сыйлыкты  кинорежиссер Тимур Бекмамбетов тапшырды.

Ташкент эл аралык кинофестивалы,  Азия, Африка жана Латын Америка эл аралык кинофестивалдары сыяктуу эле белгилүү. Аталган эл аралык кинофестивалы СССР убагында да (1968 -жылдан 1988 -жылга чейин), ошондой эле Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан соң да  (1992 -жылы жана 1997 -жылы) өткөрүлүп келет.

«Жибек Жолунун Бермети» — бул эл аралык кесиптештер менен тажрыйба алмашуу үчүн инновациялык аянтча жана жылдын маданий ачылышы болорун убада кылган чоң кино марафону.

Возможно, это изображение (6 человек и люди стоят)

Фестиваль 28 -сентябрдан 3 -октябрга чейинки аралыкта өткөрүлөт.