Бишкектеги “Ош” базарынын аймагында жайгашкан «Кыял» соода борборунда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, базардын ичиндеги бут кийим оңдоочу жай, 17 даана кийим тигүүчү машина, идиш-аяктар, суусундук сатуучу 17 даана темир контейнер (павильон) жана темир устундуу желим менен жабылган өтмөктөрдүн чатырлары күйгөн.

Ошондой эле эки чач тарачтын желим терезеси жана аба муздаткычы ээриген. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метрди түздү.

Өрттү өчүрүүгө эки бригада тартылып, саат 05:27де толугу менен өчүрүлдү.

Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.