«Кечээ, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетишин «шоуго» айлантып салдык», -дейт Самат Ибраев. Депутат мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 30-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, депутаттар эч кандай далили, себеби жок, эң таза адамды шылуундардын катарына кошушту.

«Эгер колуңуздарда далил жок болсо, Жогорку Кеңештин трибунасына чыгып мындай жалаа жаппасаңыздар. Владимир Фролов — эл аралык эң чоң серепчилердин бири болуп эсептелет. Урматтуу кесиптештер, бул кишинин өмүр жолун окуп чыксаңыздар. Анын 1997-жылы жазган салык кодекси менен Орусия бүгүнкү күнгө чейин жашап жатат. Андан сырткары бул кишинин Сингапурда акциялары бар. Сингапурга жарандарды 100 жолу текшерип туруп киргизет. Ошондуктан жөн карлоону токтотсок. Мага жеткен маалыматтар боюнча Толкунбек Абдыгулов жүздөгөн троллдорду жалдап, өзүнүн туура эмес жасаган иштерин актаганга аракет кылып жатат» , — деди Ибраев.

Ошондой эле ал Абдыгуловду миллиондогон адамдын карызга батуусуна күнөөлүү катары айыптады жана 134 микро кредиттик компания сүткордук менен иштеп жатканын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин кечээ болгон жыйынында бир катар депутаттар акча саясатына аралашкан Владимир Фроловдун Кыргызстага келишине тынчсызданууларын билдиришкен.