Чүйдүн Сокулук районунда көк бөрү боюнча республикалык чемпионат өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан кабарлашты.

Оюн 18-24-октябрда Сокулук районунун Белек айылындагы “Белек” ат майданында өткөрүлөт.

“Көк бөрү эрежесин иштеп чыккандыгынын 25 жылдыгына карата жана анын авторлору Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеев, Болот Шерниязов, Мамыркожо Бөкөнбаев, Жетиген Маадановдун урматына өткөрүлөт”, — деп айтылат маалыматына.

Мелдешке каттоо Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясында 17-октябрда саат 17:30 чейин жүрөт.