Балалуу келинди коляскасы менен унаасына салбай койгон №203 каттамдын айдоочусу жумуштан алынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан  кабарлады.

Келинди кичиавтобуска түшүрбөй койгон айдоочу 37 жаштагы М.Б. аттуу жаран экени аныкталган.

Айдоочу кайгуул кызматкерлерине келинди унаага салбай койгонунун себебин түшүндүрүп берген. Анын айтымында, былтыр колясканын айынан кичиавтобуста бара жаткан адамдар жабыркап, ал жүргүнчүлөргө кенемте төлөп берүүгө аргасыз болгон. Мындан улам ал бүгүн келинди коляскасы менен унаага түшүрбөй койгон.

Бул окуя үчүн айдоочу коомчулуктан кечирим сураган. Учурда ал жумуштан кетирилген.

Андан тышкары кийинки териштирүү иштери үчүн ал Ленин райондук милициясына жеткирилген.