Бишкекте “ММк жаатында мыйзамдарды инвентаризациялоонун жыйынтыктары: медиа  коомчулуктан көз карашы” аттуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн жана журналисттердин коомчулукка маалымат жеткирүүсүн жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол өттү. Тегерек столго бир нече  маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып, мыйзам долбоорлорун инвентаризациялоо журналисттерди ишмердүүлүгүнө кандай таасир этери тууралуу талкуу болду.

ММК мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү менен алектенген эксперттик топтун мүчөлөрү ЖМКга тиешелүү бир да өкүлчүлүк жок экени журналисттердин арасында нааразычылык  жаратты. Иш башталып, бир нече убакыт өткөндөн  кийин гана эксперттик топко медиа коомчулуктун үч өкүлү кирген.

“Таптакыр журналистикага тиешеси жок адамдар мыйзам базасын  шашылыш өзгөртүүнү чечишти”, – дейт көз карандысыз Журналисттер союзунун төрагасынын орун басары Семетей Аманбеков инвентаризациялоо процесси жөнүндө айтып. Кыска убакыттын ичинде түшүнбөгөн адамдар тарабынан өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүн эмес, медиа сектору менен кеңешип, анан талкуулаш керек», – деди ал.

“Журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүн коргоо жөнүндө” мыйзамды жараксыз деп табууну же аны “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам менен бириктирүүнү сунуштаган Юстиция жана Маданият министрлигинин эксперттери да пикирлерин айышты.

“Бул мыйзам журналисттердин укуктарын кепилдейт, журналисттин статусун аныктайт, андыктан бул абдан маанилүү. Биз мыйзамды өзгөртүүнүн кажети жок экенине көзүбүз жетти. Биздин мыйзамдар Борбор Азиядагы эң демократиялуу, Конституцияга эч кандай карама -каршылык жок”, – деди Аманбеков.

Тегерек столго катышкан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да  маалымат мыйзамы тууралуу азыркы каралып жаткан өзгөрүүлөргө өз пикирлерин билдиришти.

Ошого карабастан, мамлекеттик органдар жана “кээ бир эксперттер” эки мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн активдүү лобби жүргүзүп жатканы айтылды.

“Журналистикада бир күн иштебеген эксперттик топтун кээ бир мүчөсү юрист эмес, бүтүндөй мыйзамды өзгөртүп, жоготуу үчүн сунушталганы көрүнүп  турат. Буга жол берилбеши керек”, – деп кошумчалады Көз карандысыз журналисттер союзунун башчысынын орун басары.

Тегерек столгон катышкан маалымат өкүлдөрүнун кызуу талкуусунан кийин Президент Садыр Жапаровго, КР Министрлер кабинетинин төрагасы У.А. Мариповго, Медиа коомчулук эксперттик топтун жетекчиси Акылбек Жапаровго, КР Юстиция министри А.Р.Чынбаевага кайрылуу жодошту.

Кайрылууну тегерек столгон келген  Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бир добуштан колдогонун билдиришти.

Төмөндө кайрылуу өзгөртүүсүз берилди:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы У.А.Мариповго

Ведомстволор аралык эксперт тобунун төрагасы – Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри  А. У.Жапаровго

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри А.Р.Чынбаевага

КАЙРЫЛУУ

Биз, Кыргызстан медиа коомчулугу массалык маалымат каражаттарынын, журналистердин жана медиа уюмдардын атынан массалык маалымат каражаттарынын ишин жана журналисттердин укуктук макамын жөнгө салган мыйзамдардын инвентаризациялоо аракетине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө», «Телеберүү жана радиоберүү жөнүндө» жана «Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзамдарды баалоодо инвентаризациялоо боюнча кошумча иш топтун эксперттери аталган мыйзамдарга бир аз оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн көрсөтүшкөн. Бул корутундулар көрсөтүлгөн мыйзамдарынын мазмунунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, социалдык адилеттик жана өнөктөштүк принциптерине, предметти жөндөөдөгү керектигине, максатка ылайыктуулугуна, натыйжалуулугуна жана жетиштигине ылайык негизделген. Ошондой эле ички каршылыктардын, кагылыштардын жана укуктагы кенемтенин жоктугуна негизделген.

Бирок медиа коомчулукту өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу инвентаризациялоого жаткан 359 мыйзам ичинен ММКлардын жана журналисттердин ишин жөнгө салган мыйзамдардын («Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө») биринчи кезекте караштырылып жаткандыгы тынчсыздандырууда. Бул максаттарда, шашылыш түрдө 2021-жылдын 13-сентябрында тегерек стол өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча КРнын Юстиция министрлиги тарабынан жалданган эксперттер белгилүү формулировкалар боюнча кыска мөөнөттүн ичинде сунуштарды кийрүүнү сунуш кылып жатышат.

ММКлардын жана журналисттердин ишин жөндөөчү мыйзамдар жарандар, массалык маалымат каражаттары, журналисттер, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ортосундагы өз ара мамилелердин татаал түрдүүлүгүн караштырып келет. Бул жаатта каалаган өзгөртүүнү, анын ичинде анча олуттуу эмесин да киргизүү терең талдоону, бардык кызыкдар тараптар менен кеңири талкууну талап кылат.

Мыйзамга кандайдыр-бир өзгөртүүнү киргизүү үчүн белгилүү бир укуктук карым-катнаштарды жөндөө максатында концепцияны иштеп чыгуу зарыл, мисалы журналисттер менен ММКлардын маалыматка жеткилик укугу, башка ченемдик укуктук актылар менен шайкешүүсү ж. б. Мыйзам долбоорунун концепциясынын жоктугу КРнын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» Мыйзамынын (51-бер. 6-бөл., 56-бер.) ченемдерине каршы келет. ММКлар жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо аракетинин алкагындагы иш киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясын аныктабастан жүргүзүлүп жатат.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, медиа коомчулук ММКлар жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштардын иштелип чыгуусун мезгилсиз деп эсептейт. Буга байланыштуу, сиздерден Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» Мыйзамдарын учурда өзгөртүүсүз калтырууну суранат.