Мамлекеттик чек арадан жарандарды мыйзамсыз алып өтүп турган туруктуу каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын жарандары «Э.К.» жана «Э.Ж.А.» кармалды.

Такталгандай, кармалган адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү үчүн бирге иштешүү жолу менен, жарандарды коңшу өлкөгө алып өтүп турган.

Азыркы учурда «Э.А.К.» жана «Э.Ж.А.» аттуу жарандарга карата бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

КР УКМК мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү кылмыш экендигин, бул үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде 3 жылга чейин эркинен ажыратуу же 260 миң сомго чейин айып салуу каралгандыгын эскертет.