Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында ордолуу Ош шаарынын 3021 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын өнүгүшүнө, шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында, ак ниет эмгеги менен иштеп жаткан мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин парады өтөт. Жөө жүрүш саат 09:30да башталып, концерттик программа менен коштолот.

«Кечки саат 19:00дөн баштап Россиянын белгилүү ырчысы, Динамит группасынын экс-солисти Илья Зудин, Өзбекстан Республикасынын ырчы айымы Севинч Муминова, Кыргызстандын белгилүү эстрада жылдыздары Бактияр Токторов, Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип жана Ош шаарынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл топторунун катышуусунда чоң программадагы гала-концерт болот», — деп кошумчалашты мэриянын басма сөз кызматынан.