Биринчи категориядагы объектилердин электр энергиясы өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, медициналык мекемелердин жандандыруу, хирургия бөлүмү сындуу биринчи категорияга кирген объектилерге электр жарыгы үзгүлтүксүз берилет жана аларды электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу өзгөчө көзөмөлгө алынган.

«Медициналык мекемелердин трансформаторуна чейин электр энергиясын жеткирүү Энергетика жана өнөр жай министрлигинин милдети. Ал эми ал жайлардагы трансформатордун иштеши жана кошумча генератор менен камсыз кылуу мекеменин администрациясынын жоопкерчилигинде», — деп айтылат маалыматта.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу колдонууга жана такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат.