2021-жылдын 30-сентябрь күнү Нарын облусуна болгон иш сапарында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Ат-Башы жана Нарын райондорунун, Нарын шаарынын ички иштер бөлүмдөрүн кыдырып, уюштуруучулук иштерин,  кызмат өтөөлөрүн жана алдыга коюлган кызматтык тапшырмаларды аткаруу даярдыктарын текшерип, өздүк курамды саптык кароодон өткөрүп, нөөмөт бөлүктөрүнүн иши менен таанышып, иш бөлмөлөрү, убактылуу кармоочу жайдын абалы менен таанышып чыкты. 

Министрдин орун басарынын иш сапары иштин абалын текшерүү,  жер-жерлерде ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу, жергиликтүү  бөлүмдөрдүн чыныгы  көйгөйлөрү менен абалы жөнүндө так маалымат алуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо,  практикалык жана материалдык жардам көрсөтүү  максатында  уюштурулган.

Октябрь Урмамбетов Ат-Башы айылына дагы келип,  үйсүз калган 80 жаштагы ардагер Т. Сулайманов менен жолугуп, андан соң Ат-Башы РИИБдин өздүк курамы, ардагерлер кеңеши жана Ат-Башы айыл өкмөтү чогулткан акча каражатына ардагер үчүн курулган үйдү кыдырып чыкты.  Үйдүн курулушу ушул жылдын апрель айында башталган жана азыркы учурда курулуш иштери аяктады.

Аймактык бөлүктөрдүн өздүк курамы менен жолугушуу учурунда ички иштер органдары аткара турган маанилүү тапшырмаларды, анын ичинде алдыда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди аткарууну тапшырды.  Эң башкы талаптардын бири шайлоо тилкелеринде коопсуздукту камсыздоо боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү экендигин билдирди.

Ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктү жакшыртуу, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, экстремисттик көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча чараларды көрүү, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди сапаттуу  уюштуруу, ыйгарылып берилген аймакта укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо,  милициянын коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, мыйзамдуулукту сактоо, өздүк курамдын кесиптик деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгы айтылды.

Ал эми бүгүн, 1-октябрда Министрдин орун басары Нарын облусунун ички иштер башкармалыгына келип, имаратта оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, медициналык бөлүмдүн бөлмөлөрүн кыдырып, камсыздалган дары-дармектердин жана эмдөөнүн жүрүшү тууралуу сурады. Андан соң  жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн иш бөлмөлөрүн, ошондой эле «Бирдиктүү терезе» калкты тейлөө борборунун ишин текшерди.

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгында жыйын болуп, анда министрдин орун басары текшерген аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыгын чыгарды.  Жыйынга кызматтар менен бөлүмдөрдүн жетекчилери, райондук милициянын бөлүктөрүнүн начальниктери катышып, иштин негизги багыттары боюнча так  тапшырмалар берилип, ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн маанилүү багыттары белгиленип,  жакынкы аралыкта аткарыла турган тапшырмалар аныкталды.

Алдыда өтө турган мамлекеттик маанидеги окуяны өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоого багытталган даярдык иштерин өз убагында камсыздоо, шайлоо маалында  кызмат өтөө боюнча кызматкерлер арасында сабактарды жана тескемелерди өткөрүү, шайлоо мыйзамдарын окуп чыгуу, мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүү, тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо тапшырмасы берилди.  Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары ишмердүүлүктү жандандырууну улантуу, ички иштер кызматкерлеринин имиджин өзгөртүү, иштин натыйжалуулугун, билим деңгээлин жана кесиптик даярдыгын жогорулатуу, калкка заманбап кызматтарды көрсөтүү, милицияга  болгон элди ишеним арттыруу боюнча иштерди улантууга өзгөчө көнүл буруу талабын койду.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын учурунда Нарын облусундагы коомдук-саясий абалдын туруктуулугун сактоону, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган активдүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

ИИМдин Басма сөз кызматы