Кыргызстандык спортчу Нурбек Тойчубаев (PTS4 классы) Түркияда өткөн паратриатлон боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль багындырды. Бул тууралуу өлкөнүн Триатлон федерациясынан кабарлашты.

Буга чейин Тойчубаев Дүйнө кубогу жана Азия чемпионатында күмүш жана коло медалдын ээси болгон.