Жамгыр жааган сайын сенден алыс калган күнүм эске келет. Жамгырга кошулуп төгүлүп ыйлап алам. Ал кезде бизден бактылуу жандар жок эле. Бир күн көрүшпөй  калсак жашонун шаңы кетип, ошол күн кунарсыз өтөөр эле.  Биз жүргөн көчөлөр азыр мага көрксүз. Ошол күнү неге шаштык мынчалык.

Биз бир ай мурун ЗАГСка барып каттоого турдук. Ата-энелер сүйлөшүп сөйкө салып кетишти. Ал күндүн кээлерин биз күтүп жаттык. Алдыга пландарды коюп, тоюбуз кандай өтөөрүн элестетип бактылуу болуп калаар элек. Күндөр өтүп биз бирге болчу күн  келип, үлпөт көйнөк алганы кетип бараттык. Шаардын элге жык толгон көчөлөрүндө элдин баары бизди куттуктап жаткандай сезилди. Жамгыр себелеп турган. Бактыбызга чек жок, кол кармашып, кол чатырдын астында, жол чырактан өтүп баратсак, катуу келеген унаа экөөбүздү эки жакка ыргыта сүзүп токтоду. Ичинен бутуна тура албаган мас киши түшүп сеңселип турганын билем анан көзүм караңгылашып  баратты.

Көзүмдү ачсам айланамда апам, эжелерим отурат. Баарынын көзү жашка толгон. Суу дедим алсыз. Бир кезде бир эже, мен жаткан  палатага жулунуп кирип:

— Сен бактысыз, жолу кара сенин артыңдан инимден айрылдык. Ак көйнөгү жок эле жашасаң болот эле го. Бактысыз, жолуң болбогур, — деп сүйлөп жатты.

Улуу эжем аны колунан алып сүйрөп чыкты эшикке. Ал сенин эжең экен кийин билсем. Ошол кырсыкта, аялы төрөгөн бирөө баласын жууп мас абалында машина айдап экөөбүздү сүзгөн экен. Сен ошол жерден жан берип, мен оор абалда ооруканага түшүп, көп убакыт ошол жакта жатып, жарым жан болуп калдым. Азыр коляскага байланып, биз өткөргөн күндөрдү эстеп гана жашап калдым. Кээде ойлоп калам чындап эле жолу жок окшойм. Сенден айрылганым аз келгенсип эми мынтип баса албай да калдым…

Сыртта жамгыр терезеге тырс тийип,  ылдый агып, куюлат. Тээ алысты үнсүз карайм. Алда немеге ачуусу келген кишидей, карарган кара булуттар  шамалдын агымы менен жылып баратышат. Тоо башынан ары ашып бара жаткан күндүн нуру төгүлөт. Ишенем, менин да жашоомо бир күнү дал ушундай күн тийип, жарк этип жакшы күндөр келээрине ишенем…

Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.