Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Бишкек-Ош автоунаа жолунун Ала-Бел ашуусунун 217-265 чакырымына чейинки жеринде иш алып барышууда.

ӨКМден билдиришкендей, өткөн түнү болжол менен 3-4 см кар жааган.

“Учурда жол каттамы ачык, тыгындар жок”, — деп айтылат маалыматта.