Бүгүн, 4-октябрында  ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо,  алдын алуу иштерин күчөтүү,   кызматкерлер арасында коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдерин сактоо багытында көрүлүп жаткан чаралар боюнча онлайн кеңешме өткөрдү.

Онлайн жыйында Улан Ниязбеков ички иштер органдары коомдун сакчылыгында туруп, күнү-түнү элдин тынчтыгы менен коопсуздугун үзгүлтүксүз ишке ашырууга милдеттүү экендигин билдирди.  “Эл арасында орун алып жаткан ар түрдүү көйгөйлөрдү, социалдык жана турмуш-тиричилик маселелерди жеринде чечүүгө жардам берип, ар бир жаранга сервистик тейлөө көрсөтүп, жүктөлгөн милдеттерди аткаруу күн сайын жакшырышы керек. Элди тейлеген тиешелүү мамлекеттик кызматтар, шаардык-айылдык деңгээлдеги өз алдынча башкаруу органдары жана коомчулук арасындагы активдүү өкүлдөр менен биргеликте иш жүргүзүп, жарандардын турмуш-тиричилигине, жашоо-шартына өз кесепетин тийгизген кылмыштарды, жоруктарды, элге жат көрүнгөн окуяларды алдын алуу, болтурбоо боюнча иш-чаралар күчөтүлүшү зарыл”,- деп ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков баса белгиледи.

Чогулуштун жыйынтыгы менен министр кызматтардын алдына бир катар тапшырмаларды койду: ички иштер органдарынын имараттарында санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоо чараларын күчөтүү, кызматкерлердин илдетке чалдыгуусун алдын алуу үчүн жеке гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча чараларды көрүү, аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу, жол кыймылынын  эрежелерин сактоо, анын ичинде адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарын болтурбоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте коопсуздук чараларын көрүү, элдин социалдык турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизген уурулук, мал уурулук, батир уурулуктарын болтурбоо үчүн алдын алуу иштерди күчөтүү, кайгуул иштерин жүргүзүү,  чек-ара аймактарына жакын жашаган жергиликтүү тургундар арасында ар түрдүү окуялардын орун алуусуна бөгөт коюу үчүн түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жүргүзүү.

Кеңешменин аягында Улан Ниязбеков  бир дагы милиция кызматкери саясатка аралашпай, ар бир кызматтын өзүнө жүктөлгөн мыйзамдуу милдеттеринин чегинде гана элдин коопсуздугун, коомдун тынчтыгын сактоо боюнча жүктөлгөн тапшырмаларды так аткарууну тапшырды.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы