Жыл башынан бери өлкөнүн башкы банкы сегиз жолу интервенция жүргүзүп 311 миллион 150 миң доллар сатты.

Улуттук банк 1-октябрда валюта рыногуна 7,6 миллион доллар сатты. Бул туурасында өлкөнүн башкы банкы маалымдады.

Бул — өткөн аптанын аралыгында жасалган экинчи интервенция. Беш айлык тыныгуудан кийин 27-сентябрь күнү да 31,1 миллион доллар сатылган болчу.

Жалпысынан жыл башынан бери Улттук банк сегиз жолу интервенция жүргүзүп 311 миллион 150 миң доллар сатканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, 30-сентябрда Улуттук банктын жамаатына жаңы төрага Кубанычбек Бөкөнтаев тааныштырылган. Бирок аны кызматка дайындоо жана мурунку жетекчи Толкунбек Абдыгуловду кызматтан бошотуу тууралуу президенттин жарлыгы расмий жарыялана элек.