Бүгүн, 4-октябрда, кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Норвегияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күрөшөт.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышат. Анын алгачкы атаандашы япониялык Нонока Озаки болот.

Ошондой эле Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын атынан Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы да күчүн сынашат.

Эскерте кетсек, Осло шаарындагы мелдешке Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда.

Булак: Кабар кж