Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип алды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында жарыяланды.

Спортчу 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышып, япониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде утуп алды. Бул жеңиши менен мекендешибиз мелдештин чейрек финалына чыкты.

Чейрек финалда кыргызстандык спортчу белорустук Вераника Иванова менен күрөшөт.

Эске салсак, кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандан 15 балбан катышат.