Кыргызстандын нефтетрейдерлери бийликке күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү үчүн өз сунушун киргизди. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, октябрь айында нефтинин баасы өсүүсүн токтотпойт. Бул Россиянын мунай иштетүүчү заводдорундагы баалардын кымбатташына алып келет. Ички рыноктогу бааларды кармап туруу үчүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы кыргыз өкмөтүнө октябрдан декабрь айына чейин салыкты өзгөртүп туруу механизмин колдонууну сунуштады.

“Бул аракеттер азыркы чекене бааны түшүрүүгө жардам берет. Мисалы, бензин 3,7 сомго, дизель майы 4,8 сомго арзандайт”, — дешти ассоциациядан.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын эсептөөсүнө караганда, бул чаралар кабыл алынса мунайды иштетүү тармагы 2021-жылы пландык салыгын толугу менен жабат.