Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуу жана Кичи Памирде (Афганистан) жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин басма соз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, памирлик кыргыздар климаттык шарты катаал, бийик тоолуу аймакта жашайт жана кыш бул жерге эрте түшөт.

Памирлик кыргыздар үчүн — 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатылып алынган, бул үстүбүздөгү жылдын кыш мезгилинде азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Азыркы учурда Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жүктөрдү жеткирүү чаралары көрүлүүдө.