Бишкектиктердин ыңгайлуулугу үчүн борбордо көмүрдү сатуучу стационардык пункттар, ошондой эле көмүр базалары иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6 отун базасы жана 7 стационардык пункт бар. Жакында шаардын турак жайларындагы 35ке жакын стационардык пункттар ачылат.

Ленин районунда төрт отун базасы бар:

— «Ак-Жол» ЖЧК (Мурман көч. № 1а);

— «Торг-Синтез» «Кара-Жыра» ЖЧК (Мурман көчөсү №59а);

— «Береке» ЖЧК (Мурман көч. № 259);

— «Беш-Сары» ЖЧК (Мурманкөчөсү №186).

Октябрь районунда:

— «Торг-Синтез» ЖЧК («Төкөлдөш» конушу, «Аламүдүн» станциясында).

Свердлов районунда:

— «Восход и К» ЖЧК (Достоевский көчөсү №1).

Ал эми Ленин районунда иштеп жаткан стационардык пункттар төмөнкү даректерде жайгашкан:

— Пушкин көч. №182;

— Гагарин көч. № 67;

— Баррикадный көчөсү №2.

Свердлов районунда:

— «Учкун» жаңы конушу;

— Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;

— «Келечек» конушу;

— «Ак-Бата» конушу.