5-6-октябрдагы окуяларды баяндаган «Адилет» телесериалы КТРКнын эфиринен алынды. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анжеликанын айтымында, сериалды эфирден алуунун себеби белгисиз.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, сизди ачык-айкындуулукту, адилеттүүлүктү туу туткан инсан катары билебиз. 24 сериядан турган, элди мыйзамга баш ийүүгө үндөгөн сериалыбыз эфирден белгисиз себептер менен алынды. Себебин билгибиз келет. Эл үчүн иштеген режиссёрлордун ишин баалап коюуңузду өтүнөм. Уят сөздөр менен тартылган комедия жанрындагы милицияны шылдыңдаган тасмаларга эскертүү берилсе туура болмок. Бирок, биздин максат – милициянын аброюн көтөрүү эле. Ушундай иштер болуп жатканын кимге айтаарыбызды, даттанаарыбызды билбей отурабыз. Азыр биз жаштар элди маданиятка чакырып, элдин ичиндеги көйгөйлөрдү жакшы мисал, мотивация менен гана чече алабыз. Башка өлкөлөрдө ээнбаштык менен күрөшүү үстүндө ажолору тасмаларды буйрутма кылып, мамлекеттик кызматкерлердин аброюн көтөртүп келишет. Биз миң эшикти каккыладык! Бир дагы патриотту таппадык! Баары “акча таппасаңар, эмне кыласыңар милицияны мактап тартып?” дегенине карабастан аягына чыктык. “Мыкты сценарийге, мыкты режиссёрлук иш көрсөтөлү деп”. Бир ай мурун ИИМ министри, орун басары болуп ИИМдин ичинен тасманы көрсөтүп, колдоо сурап чыкканбыз. Анда болгону “жаңы имараттарды кошкула” деген сөз болгон! Бир жыл мурун тартып жатканда жок имараттарды азыр сериалга кошуш үчүн канчалаган техника керектелет? Чыгымын ким төлөйт? Өз чөнтөгүмдөн 30 миң доллар акча сарптадым! Мекен үчүн! Элим үчүн – тарбия берчү тасмага жан-дүйнөмдү бердим!” , – делет кайрылууда.

 

Белгилей кетсек, «Адилет» телесериалы 4-октябрдан тартып КТРК телеканалында көрсөтүлө баштаган.