Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Бейшеналы Нурдинов кесиптештерин «рахмат» деген сөздүн ордуна «алкыш»  деген сөздү колдонууга үндөдү.

Анын айтымында, «Рахмат» араб тилинен келип чыккан, ал эми «алкыш» — бул кыргыздын түпнуска ыраазычылык билдирүүчү сөзү.

— Биз Горно -Алтайскка спикер менен бардык, — деди эл өкүлү. — Кыргыз үй -бүлөсү ошол жерден башталган. Манас баатыр ошол жерде төрөлгөн. Жергиликтүү эл менен кыргызча сүйлөшүүгө мажбур болдук. «Рахмат» деп айтканыбызда, бул араб сөзү экенин айтышты жана аны «алкыш» деген сөзгө алмаштырууну сунушташты. Урматтуу депутаттар, келгиле сөздөрүбүздө «алкыш» сөзүн колдонолу. Бул кыргыздын түпнускадагы ыраазычылык сөзү.

Белгилей кетсек, депутат Нурдинов өзү сөзүн «рахмат» сөзү менен аяктады.