Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалына өттү. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтына жазылды.

Жуманазарова өзүнүн салмагында (68 кг) мелдештин тандоо турунан баштап катышууда. Ал алгач кореялык Минжи Ха менен күрөшүп, анын далысын жерге тийгизүү менен таза жеңишти камсыздады.

Чейрек финалда канадалык Оливия ди Бакко менен кезек келди. Мекендешибиз 7:1 эсебинде атаандашын жеңип, жарым финалга көтөрүлдү.

Эске салсак, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасынды) алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.