UFCнин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Инстаграм баракчасына «Манчестер Юнайтед» футболдук клубунун атактуу чабуулчусу Криштиану Роналду менен түшкөн сүрөттөрдүн сериясын жарыялады.

Мушкер ошондой эле аны менен Роналдунун күтүүсүз тиктешүү беттешинин күлкүлүү видеосун жарыялады.

«Дүйнөнүн мыктысы, бизнесиңди уланта бер, чемпион. Сен планетанын миллиондогон адамдарын шыктандырып жатасың», — деп жазган ал өзүнүн постуна.