Жергиликтүү бийликтин укуктары тууралуу мыйзам долбооруна «мэр, аким, айыл өкмөт башчысы өзүнүн туулган жеринде иштей албайт» деген норма киргизилди. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов билдирди.

«Бул чектөө эмес, тескерисинче, башка аймактардан объективдүү көз карашы менен келет. Туугандык, жердешчилик позициялары же кандайдыр бир милдеттери менен байланбаган, объективдүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга өбөлгө түзгөн демилгелүү кесипкөй адистер келет деген ойдобуз», — деди Шерипов.

Ошондой эле ал мэр, район жана айыл өкмөт башчысы кадрлардын резерви аркылуу дайындаларын кошумчалады.