«Кыргыз Республикасынын жарандарын жалпы аскердик кызматка чакыруу жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күжүрмөн даярдык планына ылайык, 6 -октябрда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 703 -аскер бөлүгүнүн аймагында «Запастагы офицерлер» салтанаттуу түрдө чыгарылды.  Запастагы офицерлер менен машыгуу лагери 2021 -жылдын 6 -сентябрынан 6 -октябрына чейинки аралыкта өттү.

Салтанаттуу иш-чарада аларга окуудан ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу сертификаттар жана лейтенант погондор тапшырылды.