Психологдор белгилегендей, күзгү депрессия көбүнчө бойдоктордо жана 20 жаштан 59 жашка чейинки аялдарда болот.

Эмне үчүн жылдын ушул мезгилинде меланхолияны, кайгы-капаны жана чарчоону сезебиз?

Алгач, мындай абалдын пайда болушунун же депрессиянын күчөшүнүн себеби эмнеде экендигин аныктоого аракет кылалы. Адистердин айтымында, факторлордун бири күндүзгү сааттын узактыгынын азайышы. Бул организмге күн энергиясын аз алып, мелатонин гормонунун жетишсиздигине алып келет. Натыйжада, активдүүлүктүн төмөндөшү, тынчсызданууну пайда болот.

Мындан тышкары, ушул мезгилде  адамдарда зат алмашуу жайлайт. Бул ашыкча тамактанууга алып келиши мүмкүн, ал эми ашыкча тамактануу көңүлдү көтөрүүнүн жолу.

Илимпоздор белгилегендей, мезгилдердин өзгөрүшү организмдин биологиялык кайра түзүлүшүнө алып келет. Биоритмдердин өзгөрүшү өз кезегинде бузулуп, ачууланууга алып келиши мүмкүн. Көңүлдүн тез-тез өзгөрүшү кээде аба ырайынын кескин өзгөрүшүнүн натыйжасы болуп саналат.

Депрессиянын белгилери туруктуу уйкунун жана табиттин бузулушу менен коштолот. Мунун бардыгы 2-3 жумадан ашык убакытка созулушу мүмкүн жана дарыгерге көрүнүүгө негиз болот.

Депрессиянын дагы бир белгиси — көңүл ачуунун мүмкүн эместиги. Мындай мезгилдерде спорт, хобби, секс — бардыгы тажатма  болуп калат. Бул абал анедония деп аталат жана организмдеги допаминдин иштелип чыгышы менен мүнөздөлөт.

Депрессиядан аялдар жана эркектер, чоңдор жана балдар азап чегиши мүмкүн. Бирок, айымдар ага көбүрөөк ыкташат, анткени алар эмоционалдуу жана гормоналдык олку-солкулукка көбүрөөк дуушар болушат.

Адистер бул учурда, туура уктоону жана тамактанууну, спорт менен машыгууну, сейилдөөнү сунуштайт.

Мындан тышкары, оор мезгилдеги психикага адамды курчап турган түстөр таасир этет. Психологдор күзгү бозомук мезгилинде ички дүйнөңүзгө мүмкүн болушунча кызгылт сары, сары, ак, кызгылт жана асман көк түстөрүн кошууга кеңеш беришет. Мисалы, үйгө лимон же бирюза өңдөгү пардаларын илсеңиз болот (эң башкысы, алар дизайнга дал келет), ал эми жумушта ак гүлдөрдү тизип койсоңуз.