Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, өлкөнүн жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Жарандык авиациянын урматтуу кызматкерлери,

тармактын кадырлуу ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен куттуктайм!

Бүгүнкү күндө адам баласынын жашоосун авиациясыз, жарандык авиациянын улуттук экономиканын түрдүү тармактарын өнүктүрүүгө кошкон салымысыз элестетүү кыйын.

Эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү, ошондой эле жүктөрдү ташууда аба транспорту маанилүү роль ойнойт. Бул өзгөчө пандемия учурунда, жарандардан сырткары, социалдык жактан маанилүү гуманитардык, медициналык буюмдар аба аркылуу ташылганда айкын болду.

Авиация түзүлгөндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин тармактын негизги потенциалы – бул өз кесибине берилип кызмат кылган чыныгы кесипкөйлөр. Алар — диспетчерлер менен учкучтардан тартып аэропорт кызматындагыларга чейин көк асманда кызмат кылууга бар аракетин, билими менен тажрыйбасын жумшап келишүүдө. Кесибин чындап сүйгөн авиаторлор аба жолу аркылуу ташууларды үзгүлтүккө учуратпай, ишенимдүүлүгүн камсыздап, калкты жогорку маданий деңгээлде тейлеп келишет.

Аба транспорту өлкөбүздүн экономикалык өнүгүүсүнө кошкон омоктуу салымы, эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу аркылуу зор мааниге ээ.

Биз өлкөбүздүн географиялык жайгашуусун туура колдонушубуз зарыл. Авиациялык кызмат көрсөтүүлөр дүйнөдө ыкчам өнүгүп жатканын эске алып, биздин эл аралык аэропорттордун жүк өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында ар түрдүү унаа ээлери менен кызматташкан аба түйүндөрүн тез арада түзүү кажет.

Ошону менен бирге Кыргызстанда чакан авиацияны өнүктүрүүгө көңүл буруу зарыл, бул калктын жана экономиканын авиациялык кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыгын канааттандырууга толук мүмкүндүк берет. Бул биздин өлкөнүн жарандык авиациясын андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган бардык аракеттерди, кесиптик тажрыйбаны жана билимди айкалыштыра билүүнү талап кылат.

Сиздерге чың ден соолук, жагымдуу аба ырайы, ачык асман жана бакубат жашоо каалайм. Ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун!».