Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын өндүрүшүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  катталган Кыргыз Республикасынын  Жазык кодексинин 309-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча  материалдар иликтенип жатат. 

Жалпыга маалымдоо каражаттарында К.Асановдун үнү менен коштолгон видео жаздырууларына жүргүзүлгөн “фоноскопиялык экспертиза” жөнүндө жарыяланган маалымат боюнча белгилеп кетебиз: бул экспертиза кошумча салыштырмалуу материалдары жок жүргүзүлгөндүгүн билдиребиз. Бул экспертизанын корутундусу “Адистин корутундусу” болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши боюнча далил катары таанылбайт.

Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө органдары тарабынан тиешелүү экспертизаларды дайындоо жөнүндө маселе чечилүүдө, тактап айтканда “Лингвистикалык” жана “Фоноскопиялык” экспертизаларды  салыштырмалуу материалдар менен гана жүргүзүү тиешелүү мамлекеттик эксперттик кызматтарга тапшырылат.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы