Мындай пикирин юрист Медер  Алиев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал депутаттардын милдеттери кандай экенин кенен айтып, айрым депутаттар бир региондун элин «багып» койгонун белгилеген.

Эл ойгонмойунча болбойт.

Жакында мамлекетибиздин көп региондорун кылдырып келдим. Эл менен сүйлөшүп, жүз көрүшүп.

Бир региондо бир өтө бай, мурдагы чоң чиновник бар экен. Ал ошол региондун бүт элин «багып» коюптур. Операцияга  акча берип, мектептерге компьютер сатып алып берип, ар бир 4 үй-бүлөгө кыйынчылыктарда акчалай жардам берип. Ушинтип көөптөн бери ошол районду «кармап» келет экен. Анысы жакшы. Бирок ал чиновник (өз убагында иш козгогон) мамлекеттик чоң кызматта туруп 10-20 млн доллар «жесе»… Анан ошонун 3-5 миллионун элге чачып коет. Эл аны тим эле биздин бала, эл уулу деп барктайт экен. Мына элдик депутат, элге жардам берет деп.

Менимче мындай нерсе туура көрүнүш эмес. Депутат жол салбайт, көпүрө курбайт, компьютер белек кылбайт. Депутат ошол нерселерди кылчу өкмөттү көзөмөлдөйт, бюджетин бекитип берет, шарт түзөт. Депутат мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү мыйзамдарды орнотот, бийлик трибунадан элдин үнүн бийлике жеткирет, эл аралык  кооомчулукка кыргыздардын эл өкүлдөрү кандай экенин даңазалайт.

Ошол туугандар, анан ошондой 90-жылдары мыйзамсыз байыган экс бай чиновниктер менен жаш, андай акчасы жок, бирок ниети таза мамлекетчил инсандар күрөшө алабы? Менимче жок…», — деп жазат ал.