Кыргызстанга Россиядан 45 миң тонна буудай импорттолду. Бул тууралуу Биринчи Радиого Кыргыз тегирменчилер бирикмесинин төрагасы Рустам Жунушов билдирди.

Эскерте кетсек, 2021-жылы өткөн жылга салыштырмалуу дан эгиндери 35%га аз жыйналган, тагыраак айтканда, бул 280 миң тоннага аз. Мындай маалыматты Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирген болчу.

Анын берген маалыматына таянсак, быйыл 473 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилген. Анын ичинде 250 гектары буудай.

«Биз акыркы жылдарда өзүбүзгө жетиштүү деңгээлде азыктык буудай өндүрбөйбүз. Бул республикадагы материалдык резервдин фондусундагы азыктын көлөмү мурда 80 миң тоннанын тегереги болсо, бүгүнкү күндө республикада тендер өткөзүлүп, Россиядан сапаты жогору азыктык буудай алынып келип жатат. Болжолдуу 3 айга камсыз боло турган буудай болот», – деген министр.

Ал эми Улутстаткомдун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата дан эгиндери (буурчак өсүмдүктөрүн, күрүч жана гречканы кошпогондо) 230.7 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.3%га аз жана 285 миң тоннага жакын же 52%га аз дан бастырылган.

Быйыл жайында аномалдуу жогору температуранын жана вегетация мезгилинде сугат суунун жетишсиздигинин кесепетинен буудайдын дүң жыйымы – 41.4%га, арпа – 57.9%га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 31.2%га, картошка – 6.3%га жана бакча өсүмдүктөрү –  3.5%га кыскарган.

Ошондой эле учурда республика боюнча 17 комбинат иштеп жатат. Кыргыз тегирменчилер бирикмесинин төрагасынын айтымында, Казакстанда буудайдын баасы жогору болгондуктан, алар Россияга барып келишим түзүшкөн.

«Россиянын 4-5 аймагына барып келишимдерди түздүк. Учурда 45 миң тонна буудай кирди. Келишим боюнча дагы калган көлөмдөрдү күтүп атабыз», – деди ал.