Экономика
9 айда мамлекеттик бюджетке түшкөн каражат 145 млрд сомдон ашкан
Үстүбүздөгү жылы 9 айда мамлекеттик бюджетке 145 млрд сомдон ашык каражат түшкөн. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР экономика жана финансы министри Бекболот Алиев билдирди.
Анын айтымында, 9 айда мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 145,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 41,4%га көп болгон.
Анын ичинде салык кирешеси 46,6%га өсүп 107,4 млрд сомду, ал эми салыктык киреше 44,5%га өсүү менен 31,8 млрд сомду түзгөн.
“Муну менен биз учурдагы бюджетти аткаруу ички булактарды максималдуу колдонуунун негизинде келгенин айткыбыз келди: бюджетти толуктоо жана бюджет боюнча негизги чыгашаларды учурдагы ички кирешелер менен жабуу», — деди ал.