2021-жылдын 7-октябрында  ИИМдин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасын ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмчөсүнүн демилгеси менен ИИОнун түзүмдүк бөлүктөрүнүн тилчи адистери менен биргеликте иштелип чыккан “Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин (атоолордун) орусча-кыргызча сөздүгүнүн” бет ачаар аземи болуп өттү.

Аталган иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты  боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай  Мусаев, Улуттук комиссиянын бөлүм башчысы А. Ишеналиева, Терминологиялык борбордун башкы адиси А. Акынбекова,  ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы С. Жоошбаев,  ИИМдин  Башкы штабынын начальниги Б. Кенжегулов, ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын начальниги А. Бийбосунов, ИИМдин Басма сөз кызматынан Б. Сеитов жана  Башкы штабдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери катышты.

Бул иш-чарада Сүйүн Өмүрзаков сөз сүйлөп, анда дүйнө жүзүндөгү элдердин, улуттардын улут экендигин алардын сүйлөп жаткан тилинен ажыратса болорун айтты. Анын сыңарындай бизди дагы дүйнө элдеринин ичинен кыргыз кылып таанытып, кыргыз деген улут бар экендигин ачыктан-ачык билдирип турган бир гана нерсе – бул кыргыз тили. Кыргыз элинин каада-салты,  үрп-адаттары, кереметтүү асыл ойлору, таамай айтылган  сөздөрү кыргыздын кан-жанына сиңген анын тили аркылуу берилип келет деди.

“ИИОдо колдонулган терминдердин (атоолордун) орусча-кыргызча сөздүгү” ички иштер органдарынын тарыхында алгачкы эмгектердин бири экендигин баса белгилеп, аталган сөздүктүн максаттуулугу жана бир эле ички иштер органдары эмес, жалпы укук коргоо органдарында колдонулуп жаткан терминдердин (атоолордун) бир нукка салынышына өбөлгө болору, ошондой эле укук коргоо органдарында иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүгүртүүдөгү олуттуу көйгөйлөр, терминдерди (атоолорду) бирдейлештирүүдөгү маселелер чечилип жатат. Ички иштер органдарындагы тил саясаты анын  эң маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Мамлекеттик тилде иш жүргүзүү бизде жакшы жолго коюлуп калды. Биз эне тил маселесине олуттуу мамиле жасап, документтердин баарын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө көңүл буруп, эми минтип ИИМдеги терминологиялык атоолордун орусча-кыргызча сөздүгү боюнча да китептин бет ачаарын жасап жатабыз”,- деп баса белгиледи Сүйүн Өмүрзаков.

Кыргыз тили биздин улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз.  Кыргыз тилин бардык тармактарда өнүктүрүүнү, ана кеңири колдонууну жана мамлекеттик кызматтарда терең киргизүү, аны сыйлоо, баркто биздин негизги максаттарыбыздын бири»,-деди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты  боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай  Мусаев.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан берки мамлекеттик тилдин абалы жана учурдагы көзгө көрүнүктүү көйгөйлөрү кызуу талкууга алынып, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө, гүлдөшүнө ар бир жаран өз салымын кошууга милдеттүү экендиги баса белгиленди.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы